Дүйнөдөгү эң узак рейс ишке ашты

Дүйнөдөгү эң узак рейс ишке ашты
16-Окт. 2018, Шейшемби, 15:03

“Singapore Airlines” компанияcынын учагы дүйнөдөгү эң узак түз рейсти ишке ашырды. Учак Сингапурдан Нью-Йоркко чейин 16700 чакырым жолду 17 саат 25 мүнөттө учуп өткөн. “Singapore Airlines”тин Сингапурдан Нью-Йоркко учкан “Airbus A350” учагы рейсти “Ultra Long Range” деп аталган жаңы модификациада жүзөгө ашырды.

Бул бир лайнер 161 жүргүнчүнү ташый алат.Мындан сырткары бортто эки учкуч менен 13 борт кызматкери да болот. Дүйнөдөгү эң узун (экватордун жарымынан бир аз, узундугу 16 700 км) алыстыкты камтыган жана жүргүнчүлөр абада эң көп убакыт (17 саат 25 мүнөт) өткөргөн рейс болуп калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!