Түркмөнстан президенти 520 миң еврого унаа сатып алды

Түркмөнстан президенти 520 миң еврого унаа сатып алды
1-Ноя. 2018, Бейшемби, 16:44

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов «Амуль-Хазар» раллисине катышуу үчун Германиядан атайы унаа сатып алган. Буга Түркменстандын мемлекеттик сатып алуулар тууралуу даректери далил болду. Бул тууралуу “Kaktakto” сайты билдирет.

Темир тулпардын баасы – 520 миң евро.

Президент унааны 7-июнда сатып алган. Ал эми 19-июнда Бердимухамедов менен баласы Сердар жарыш унаасын өз аймагынын сызмалары боюнча «кураштырышты». Президент кураштырган унаа 20-июнда эл алдына чыккан.

Ал эми июль айынын башында Түркмөнстан башчысы унааны сынап көрдү. Бердимухамедов раллинин алдын ала жарышына “Mini-Cooper” менен барган. Бирок бул унаа Германиядан алынып келинген атайы автобу же жокпу белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР