“Toyota” жана “Subaru” жарым миллионго жакын унаасын артка кайтарат

“Toyota” жана “Subaru” жарым миллионго жакын унаасын артка кайтарат
2-Ноя. 2018, Жума, 12:32

Япониянын “Toyota Motor Corp.” жана “Subaru Corp.” компаниялары бүтүндөй дүйнө боюнча 400 миң автомобилин артка кайтармакчы. Анын себеби унаалардын кыймылдаткычында көйгөй келип чыккан. Ал жүрүп бара жатып токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу 1-ноябрь күнү “MarketWatch” маалымат булагына шилтеме берип “КорреспонденТ” сайты билдирди.

Белгилүү болгондой, бул кээ бир “Subaru”, “Forester”, “Impreza”, “BRZ” сыяктуу моделдердин 2012-жылдын январынан тартып 2013-жылдын сентябрында чыккан унааларга тийштүү. Негизинен бул япон базарындагы 101 миң машинага таасир берет.

Мындан сырткары, “Toyota” 80 миң автомобилди артка кайтарат. Анын ичинде АКШдан 2012-жылдын мартынан 2013-жылдын июлуна чейин чыккан 25 миң “Scion FR-S” спорттук унаалары да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР