Өзүн-өзү башкарган унааларды чыгаруу боюнча кайсы мамлекет алдыда?

Өзүн-өзү башкарган унааларды чыгаруу боюнча кайсы мамлекет алдыда?
27-Ноя. 2018, Шейшемби, 17:15

Акыркы 7 жылда автономдуу автоунаа чыгаруу боюнча патенттөө өтүнүчү менен кайрылгандардын саны өскөн.

Өзүн-өзү башкарган технологияларды активдүү өндүрүү боюнча – америкалыктар менен немистер алдыда. Бул тууралуу Европалык патенттөө мекемеси (EPO) билдирет.

Бирок Евро Биримдик бардык өлкөлөрүн кошкондо ушул көрсөткүч боюнча АКШ менен Азияны басып өтөт.

«Патенттер жана өзүн-өзү башкарган автомобилдер» аттуу изилдөөгө таянсак, автономдуу айдоонун ар түрдүү аспектилерине катыштуу тиркелген патенттердин саны тез өскөнү байкалган. 2011- жылы “EPO” бардыгы болуп 922 өтүнүч алган, ал эми өткөн жылы алардын саны 4 миңге жеткен.

Ушул өтүнүчтөрдүн 37 пайыздан ашыгы Европага, 34 пайызга жакыны АКШга жана 29 пайызы Азия өлкөлөрүнө тиешелүү.

Штаттардан кийин Германия (14,5%), Япония (13,5%), Түштүк Корея (7,5%), Франция жана Швеция (5%) турат. Болжол менен 3пайызы Кытай, Улуу Британия жана Нидерландыга, 1-2 пайызы Финляндия, Швейцария жана Австрияга тиешелүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!