2019-жылга карата эң мыкты авиакомпаниялар аталды

2019-жылга карата эң мыкты авиакомпаниялар аталды
28-Ноя. 2018, Шаршемби, 12:47

“Airline Ratings” сервисинин жаңы изилдөөсүнө ылайык 2019-жылга карата ТОП-10 мыкты авиакомпаниялар аныкталды. Баш байгеге сингапурлук авиалиния ээ болду”,- деп билдирет “Daily Express”.

Эксперттер авиакомпанияларды коопсуздугу, учкучтардын тажрыйбасы жана жүргүнчүлөрдүн таасирлери аркылуу тандап алышкан. Рейтингдин биринчи сабында “Singapore Airlines” авиалиниясы турат.

“Airline Ratings”тин башкы редактору Джеффри Томастын айтуусу боюнча, бул авиакомпания ондогон жылдардан бери бул тармакта алдынкы орунга ээ болуп келет.

Жаңы өндүруштүн, учактардын жана инновациялык рейстердин жардамы менен ал биринчи орунга жетти. Мисалы, Сингапур менен Нью-Йорк арасындагы эң узун коммерциялык багытка ээ.

Экинчи орун “Air New Zealand” авиакомпаниясына буюрду. Ал акыркы беш жыл аралыгында рейтингдин сап башында болуп келген, бирок бул жылы “тажысынан” айрылды.

Ошенткен менен, Томас ички жана эл аралык базардагы кеңейүүнү жогору балаган.

Үчилтикти австралиянын “Qantas” авиакомпаниясы толуктады. Изилдөөчүлөр компания ички рейсттерде эң мыкты тейлөө кызматын жана ыңгайлуу күтүү залдарына ээ экенин баса белгилешкен.

Топ-10дука “Qatar Airways”, “Virgin Australia”, “Emirates”, “All Nippon Airways”, “EVA Air”, “Cathay Pacific Airways” жана “Japan Airlines”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!