Брюс Уиллистин пикабын аукциондо сатышат

Брюс Уиллистин пикабын аукциондо сатышат
29-Ноя. 2018, Бейшемби, 15:53

Тапшырык менен жасалган “Chevrolet” компаниясынын ретро-пикабы 20 жыл бою белгилүү актер Брюс Уиллистин жеке карамагында болуп келген.

Бирок буга карабастан келе жаткан жылдын башында унаа аукционго коюлат. 1954-жылы жасаган моделди толугу менен 1990-жылкы кылып модернизациялашкан. Жеке тапшырык боюнча атайы Брюс Уиллис үчүн. Актердун башкы каалосу автомобилди максималдуу ылдамдыкты багынта алган унаага айлантуу болгон.

Сырты жана салондун ичин ошол бойдон сактап калууга аракет кылышкан. Бирок ага карабастан, бардыгы сапаттуу материалга алмаштырылган. Ал эми унаанын капотунда бир дагы өзүнө тиешелүү детал калган эмес. Себеби бардыгы алмаштырылып, жаңыртылган. Жыйынтыгында жогорку ылдамдыктагы мыкты унаа жаралган.

12-20-январь аралыгында өтө турган Американын “Barrett-Jackson Scottsdale” аукционунда унаа сатыкка коюлат. Мүмкүн ал автомобилди чындыгында баалаган бай коллекционер болот чыгаар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!