Жаңы “Chevrolet” бет ачаарда жүрбөй койду (видео)

Жаңы “Chevrolet” бет ачаарда жүрбөй койду (видео)
3-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 15:27

“Silverado” пикабынын жаңы үлгүсү 4.5 мүнөт муз аренасынан жүрбөй айдоочунун шаштысын кетирди.

“Silverado LT Z71 Trail Boss Crew Cab” — бул жүк унаасынын жаңы үлгүсү. Аны “Chevrolet” маркасы өзүнүн пикап унаасынын 100 жылдык маараке тоюнда тааныштырууну туура көргөн. Үзүлүш учурунда жаңы унааны муз аянтына чыгарышкан, анда “Detroit Red Wings” хоккей командасы ойноп жаткан. Презентациядан кийин «Chevrolet» өз ордунан журүп кете албады. 4,5 мүнөттөн кийин гана автоунаанын кыймылдаткычы ишке кошулуп, машина элдин кыраан-кыйкырыгынын алдында аренадан чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!