“Tesla”нын атаандашы “Audi”ден электркар

“Tesla”нын атаандашы “Audi”ден электркар
4-Дек. 2018, Шейшемби, 11:08

Автоунаанын дебюту Лос-Анджелестеги автосалондо өттү. Сериялык өндүрүш 2020-жылы башталат.

“Audi” компаниясы төрт эшиктүү электр купе “e-tron GT”ти Лос-Анджелес автосалонунда Тесланын атаандашы болууга убада кылды. Бул тууралуу “Autoua” булагы билдирет.

Машинанын лазерлүү-люминофордуу технологиянын негизинде жогорку сапаттагы фаралары бар. Автомобиль төмөнкү оордук борборун камсыз кылган жаңы электрондук платформага негизделген. Электр унаасынын узундугу 4960 мм, кенени 1960 мм жана бийиктиги 1380 мм. Анан максималдуу ылдамдыгы саатына 240 км. Кубаты 590 ат күчүнө барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!