“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду

“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
15-Дек. 2018, Ишемби, 12:55

“Brabus” компаниясы “Mercedes-AMG G 63” маркасындагы жол тандабасын курду. Алгачкы жана жалгыз партияда 10 автоунаа гана чыгып, алардын баардыгы азыркы учурда өз ээсин тапты. Бул тууралуу “Motor1” маалымат булагы билдирет.

Жаңы унаа “Brabus 700 4x4² Final Edition” деген аталышка ээ болду. Автомобиль “G500 4x4²” модификацияланган порттук көпүрөлөрү менен жабдыкталган. 5,5 литрлик “V8” кыймылдаткычы 700 ат күчүнө барабар.

Баасы 238 миң доллардан башталат. Кошумча акчага кардар карбон-керамика тормоз дискаларын жана таштактуу жолдордо жүрүүгө арналган автономдуу системаны коштура алат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!