Кытайлык «Tesla» “Nio ES6” кроссоверин көрсөттү

Кытайлык «Tesla» “Nio ES6” кроссоверин көрсөттү
22-Дек. 2018, Ишемби, 12:39

Кытайлык “Nio” компаниясы өзүнүн экинчи өндүрүштүк модели – “ES6” электрокроссаверин сунуштады. Жаңы унаа 510 чакырымдык кубатка ээ. Автоунааны сатыкка чыгаруу үчүн ташымалдоо келе жаткан жылдын июнунда башталат. Бул тууралуу “Autoua” маалымдайт.

Белгилүү болгондой азыркы учурда кроссоверге тапшырыктар алынууда. Анын баасы 51,8 миң долларды түзөт.

Күч кубаты эки электромоторго ээ – кыймылдаткычы ар дайымкы магнити (PM) жана асинхрондуу мотор (IM) менен жабдыкталган.

Күчү 436 аттын күчүнө барабар. Ал саатына 100 чакырымга чейин 4,7 секунд ылдамдыкты басып өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!