“Infiniti”нин алгачкы электрокроссовери

 “Infiniti”нин алгачкы электрокроссовери
24-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 10:37

“Infiniti” компаниясы азыркы учурда биринчи электрокроссоверинин үстүндө иштеп жатат. Анын сүрөтү интернет айдыңына тарап жатат. Ал Детройтта өтө турчу автошоудо тааныштырылат. Бул тууралуу “Motor1” маалымдайт.

Автомобилдин жаңы платформага негизделет. Келечекте өндүрүлө турган унаанын аталышы айтыла элек.

Белгилүү болгондой, электрокар кенен салонго ээ болот. Автомобилдин концепти чоң дөңгөлөк дискалары жана жашыруун эшик туткалары менен жабдыкталган.

Мындан сырткары компания жаңы платформаны көрсөтөт. Ал атайы электрокарлар үчүн даярдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!