Tesla Кытайга 5 млрд. долларга завод курат

Tesla Кытайга 5 млрд. долларга завод курат
8-Янв. 2019, Шейшемби, 16:11

Электромобиль чыгаруучу Tesla компаниясы Шанхай шаарына жакын жерде ири завод курат. Бул тууралуу аталган компаниянын башчысы Илон Маск өздүк баракчасында билдирген.

Маалыматка караганда, заводду куруунун биринчи этабы 2019-жылдын жай айларында аяктайт. Model 3 электромобилин чыгаруу жылдын аяк чендеринде башталат. Ал эми ишкана 2020-жылы толук кандуу иштей баштайт.

Бул долбоор Tesla компаниясынын жылына 500 миң унаа чыгаруучу чет өлкөдөгү алгачкы заводу болуп калат. Аталган заводду курууга жалпы 5 млрд. доллар жумшалат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы электромобилдер каттоо төлөмдөрүнөн бошотулат. Тактап айтканда, Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылы чыгарган токтому 2019-жылдын 31-декабрына чейин күчүн жоготпойт. Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилди. Ал эми гибриддик моторлуу автоунаалардын каттоо төлөмдөрү күйүүчү май менен жүргөн унаалардын төлөмдөрүнөн эки эсе азайтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы, июндун башында Кытайга мамлекеттик сапары менен барганда электромобил маселесин көтөрүп, биргелешкен завод курууну сунуш кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Самара Каримованын мектепти бүткөнүнө канча жыл болду?
Самара Каримованын мектепти бүткөнүнө канча жыл болду?
Ырчы Юлия Руцкаянын жаңы клибине жакшы деген баа беришүүдө (видео)
Ырчы Юлия Руцкаянын жаңы клибине жакшы деген баа беришүүдө (видео)
Тогуз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн Максат менен Айсулуу жакында баш кошушат
Тогуз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн Максат менен Айсулуу жакында баш кошушат
Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди
Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди
Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту
Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту
Көз аллергиясы башталдыбы?
Көз аллергиясы башталдыбы?
Мамлекетке өткөрүлгөн кымбат унаалар колунда жокторго берилет
Мамлекетке өткөрүлгөн кымбат унаалар колунда жокторго берилет
​​“Барселона” 10 футболчусун иштен айдайт
​​“Барселона” 10 футболчусун иштен айдайт
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Тоок этинин пайдасы
Тоок этинин пайдасы
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!