Илон Маск учуучу унаалар тууралуу эмне дейт?

Илон Маск учуучу унаалар тууралуу эмне дейт?
11-Янв. 2019, Жума, 16:06

Электр моторлуу унаа өндүрүшүнүн башчысы Илон Маск компаниянын жаңы моделдери тууралуу кызыктуу маалыматы менен бөлүштү.

“Tesla”нын башчысы Маск, учуу унаанын сүрөтү менен бөлүшүп, «Жаңы “Roadster” ушундай жасалат» деген билдирүүнү өзүнүн твиттердеги баракчасына жарыялаган.

Буга колдонуучулардын бири “Бул тамаша эместир” деген билдирүү калтырган.

Бул “Rocket Booster” технологиясы тууралуу Илон Масктын алгачкы жарыясы.

Бул Илон Маск деген ким? Мында миллиардердин кызыктуу өмүрү тууралуу...

Илон Маск – бүт дүйнөгө белгилүү америкалык инженер, ойлоп тапкыч, ишкер. Ал 1971-жылы 28-тюнда Түштүк Африканын Претория шаарында төрөлгөн.

12 жашында програмалоо тилин билген, анын аркасында 1984-жылы эң алгачкы 500 доллар кирешесин тапкан. Бул өзү жасаган “Blastar” аттуу видео оюнунун компьютердик журналга сатуудан түшкөн акчасы эле.

1992-жылы Онтариодогу “Queen” университетинде эки жыл окуп, Канададан кетет. Андан кийин Пенсильваниядагы университете, азыркы күндө АКШнын алдыңкы окуу жайларынын биринде бизнес жана физика тармагында билим алат.

Ошентип журүп технологиянын магнатына айланат. Ал “X.com”дун онлайн-төлөм жана төлөм кызматтарын бириктирип, андан кийин “PayPal”ды курган.

2002-жылы 1.5 миллиард долларга интернет-магазин “eBay”ди саткан.

Ошентип ошол эле 2002-жылы “SpaceX”ты негиздеп аты алыска чыга баштаган. Маск космосту изилдөөгө арналган компаниянын генералдык жана техникалык директору болуп иштеп келүүдө.

“SpaceX” – унааны космоско учурган жана жеткизген алгачкы коммерциялык компания.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!