“Uber” 2020-жылдан тартып аэротакси проектин ишке ашырат

“Uber” 2020-жылдан тартып аэротакси проектин ишке ашырат
12-Янв. 2019, Ишемби, 13:38

“Uber” компаниясы бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан учуучу такси проектисин жашоодо ишке ашырууну көздөп жатат.

“Uber” компаниясы бир нече жылдан бери партнерлору менен биргеликте учуучу такси проектисинин үстүндө иш жүргүзүп келет. Аппараттык бөлүмдү иштеп чыгуу менен “Uber”дин тарапташтары “Bell Helicopter” компаниясы иш алып барат. Транспорт каражаты “Bell Nexus” деген аталышка ээ болду. Бул гибриддик аппарат, электр каражаты менен да күйүүчү май менен да иштекмекчи.

“Bell Nexus” учуучу таксилери

Системаны алты пропеллер менен кыймылга келтирет жана “Bell Nexus” тик учуп коно алат. Аэротакси шаар сыртында иш алып барууга арналмакчы. Белгилей кетүүчү жагдай, унааны жаратып жаткан компания — бул 10 жыл аралыгында тик учуучу аппараттарды коммерциялык организацияларга жана аскердик багытта чыгарып келет. Бул компания “V-22 Osprey” жана “V-280 Valor” сыяктуу системаларды иштеп чыккан. Азыр бул компания учуучу тузүмдөрдү чыгаруу менен алектенет. Негизги проектиси — “Bell Nexus”.

Uber” 2020-жылдан тартып аэротаксини ишке кошот

“Bell” компаниясы бир жыл мурун өзүнүн аэротаксисинин салонун көргөзгөн. Бул жылы толук масштабдуу прототибин сунуштады.

Транспорттун жалпы жүк көтөрүү салмагы — 272 килограмм. Компания бул 5 жургүнчүнү ташымалдоого жетет деген оюн билдирүүдө. Толук электр система эмес, гибриддик система көбурөк жүк көтөрүүгө жана алыс аймакка толугу менен жетүү үчүн тандалып алынган. Ошондой эле, учуучу түзүм автоматтык болмокчу.

“Uber” компаниясы аэротакси сервисин 2016-жылы ишке ашыра тургандыгын жарыялаган. Мунун себеби бул проектини ишке ашырууда көптөгөн тоскоолдуктар келип чыккан: техникалык жана мыйзам тарабынан. Анткени бул аппараттардын бийик имарттардын үстүндө учуп конусу үчүн чиновниктер анын коопсуздугуна ишеним артуулары керек эмеспи.

Дагы бир көйгөй — конкуренция. Бир нече жыл мурун бир топ компания аэротранспорт тармагын колго алышкан. Азыр бул сыяктуу проекти кем дегенде 19 компания ишке ашырууну көздөп жатат. Анын ичинде “Boeing” жана “Airbus”. Жана аларда ресурс көп. Ал эми “Uber” алар менен атаандашпай, бирге иштешүүгө аракет кылууда.

Ошентип былтыркы жылы “Uber” “Technologies Inc.” Компаниясы менен экинчи ирет келишим түздү.

Жакынкы келекчекте аэротакси журнал бетиндеги сүрөт болуп гана турбастан, чыныгы реалдуу нерсеге айланарына көз жетүүдө.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады