“Volkswagen” “таза” электр энергиясын сата баштайт

“Volkswagen”  “таза” электр энергиясын сата баштайт
14-Янв. 2019, Дүйшөмбү, 15:33

Немис авто өндүрүүчүсү “Volkswagen” (VW) электро мобильдикке жаңы кадам жасайт. “VW” 8-январда “Elli Group GmbH” компаниясын куруу тууралуу жарыялады, ал электр энергиясын жана электр унааларын заряддоо мүмкүндүгүн сунуштамакчы.

Берлин шаарында «электр» жана «өмүр» сөздөрүнүн башкы тамгаларынан тураган компаниянын штаб-батири орун алган.

Февраль айынан баштап, “Elli Group GmbH” көмүр кычкыл газын чыгарып жаратылышка зыян тийгизбей, электр энергиясын иштетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!