Жаңы “Supra” жакында сатыкка чыгат

Жаңы “Supra” жакында сатыкка чыгат
17-Янв. 2019, Бейшемби, 11:25

Концептти көрсөткөндөн беш жыл өткөндөн кийин “Toyota” бүт дүйнөгө Детройт автосалонунда жаңы “Supra” сериясындагы моделди сунуштады.

Автомобиль “Toyota” менен “BMW”нын биргелешкен жобосу болуп саналат. “BMW” акыркы жолу “Z4” роудстерин чыгарган. Эки модель тең бир платформада куралган. Бирдей кыймылдаткычка ээ жана башка көптөгөн түйүндөрү бар.

Япондук модель классикалык - алдыңкы кыймылдаткычка, арткы-жетекчи дөңгөлөктөрдү сактап калат. Эң жогорку кыймылдаткыч 340 ат күчүнө барабар, турбогенератору үч литрлик.


Мындан сырткары, япондуктар эки кубат деңгээлине ээ 2,0-литрлик турбо кыймылдаткыч сунуштайт: 197 а.к. жана 258 а.к. ошондой эле айдоочуга эки режимде айдоого мүмкүндүк туулат — “Normal” жана “Sport”. Легендарлуу унаа сатыкка ушул жылдын жай айында чыга баштайт.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!