“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы

“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
18-Янв. 2019, Жума, 13:39

“Ford” эң кубаттуу “Mustang Shelby GT500” купесин сунуштады. АКШнын Детройт шаарында 700 аттын күчү бар “V8 5.2” компрессорлуу мотор орнотулган спорткар тааныштырылды.

Компания “Shelby GT500” унаасын күз айында сатыкка чыгарганы турат. Буга чейин бул унаа сериясынын эң ылдамы “GT350R” унаасы болуп келген. Бирок эми күч – “GT500”ге өттү.

Анткени спорткарга 2.65 литрлик “Roots” күчөйткүчү менен 5.2 литрлик “V8” мотору жабдыкталган. “Shelby GT500” жүздү (100 км/сааат) 3.5 секундда басып өтөт.

Ошондой эле, унаага “MagneRide” амортизатору менен америкалык спорт унааларынын ичинен эн чоң диск орнотулган.

Унаанын аты расмий түрдө “Ford Mustang Shelby GT500” болгону менен Кэрролл Шелбинин бул автоунаага эч катышы жок.

“GT500”ни толугу менен “Ford Performance” ательеси жасап чыгарган.

Унаанын баасы азырынча белгисиз. Бирок эксперттер унаанн базардагы баасы 100 миң долларга жетет деп жатышат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!