Жылдын мыкты унаасы аныкталды

Жылдын мыкты унаасы аныкталды
22-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 13:00

Британиялык “Jaguar I-Pace” аттуу электрдик унаасы “Жылдын мыкты унаасы” титулуна арзыды. Наамды аныктоо Нью Йорктогу “World Car Awards 2019” автосалонунда өткөн.

“Jaguar Land Rover” компаниясы бул наамды экинчи ирет алып олтурат. 2017-жылы “Jaguar F-Pace” үлгүдөгү унаа ал титулга ээ болгон.

Эскерте кетсек, “2019 Жылдын мыкты унаасы” номинациясына дүйнө жүзү боюнча кырк чамалуу үлгүдөгү унаалар ат салышкан. Алардын алдыңкы орундардын катарында Audi e-tron жана Volvo S60/V60 унаалары дагы бар.

Муну менен бирге “Jaguar I-Pace” унаасы “Экологиялык эң таза” жана “Мыкты дизайн” наамдарына дагы багындырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!