ЕАЭБ:унааларга электрондук паспорт берилет

18-Май 2017, Бейшемби

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө унааларга электрондук паспорт киргизилет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комисиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕЭКтин кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө унааларга электрондук паспорт системасын киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Ошону менен бирге биримдик өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө тез аранын ичинде аталган системаны тажрибалык түрдө киргизүү үчүн керек болгон бир катар нормативдик укук актыларын кабыл алууну жана аталган системаны колдонуп көрүүнү каалаган тараптарга мүмкүндүк берүүнү сунуштады.

Мындан сырткары ЕЭКтин кеңеши коллегиялык комиссяга кезектеги жыйында электрондук паспорт системасына өтүүнүн мөөнөтүн, өткөөл мезгилин, электрондук жана кагаз паспорттордун бирдей колдонулушун жана башка электрондук системаны пайдаланууга байланышкан маселелерди кароону тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!