Көз жоосун алган унаалардын жарманкеси башталды

Көз жоосун алган унаалардын жарманкеси башталды
11-Сен. 2019, Шаршемби, 16:11

Эки жылда бир өткөрүлүүчү дүйнөдө маанилүү “Frankfurt Motor Show” унаа жарманкеси ачылды. 12-сентябрда башталып он күнгө созула турган IAA (Internationale Automobil-Ausstellung) же Франкфурттагы иш-чарада акыркы үлгүдөгү унаалар таанытылат. Ага миллиондогон зыяратчылар келери күтүлүүдө.

Электр тогу менен жүрүүчү жана учкан унаалар бул жылдагы жарманкеде көп көрсөтүлөт. Эң чоң атаандаштык Германиядагы Porsche, Audi, Volkswagen, Mercedes жана BMW үлглөрдүн ортосунда болору болжолдонууда. BMW тобунадагы Land Rover эң катаал шарттарга ылайыкталып жасалган Defender менен жаңылык киргизет. Ал эми PSA үй-бүлөсүнө кирген Германиянын Opel маркасы жаңы Corsa унаасын алып чыгат. Lamborghini жана Porsche эки үлгүсүн подиумга чыгарса, кытайлык өндүрүшчүлөрдүн темир тулпарлары келечекте глобалдык деңгээлде абдан күчтүү болору болжолдонууда.

BMW

Мюнхендик өндүрүүчүлөрдүн жарманке үчүн белеги Concept4 атуу жаңы үлгүдөгү унаа болду. Өзгөчө дизайны менен ага премиум классынан орун берилди.

Land Rover

Англиядан чыккан Land Rover жаңы Defender үлгүсүн чыгарды. Ал техникалык өзгөчөлүтөрү, дизайны жана технологиялары жагынан көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Defender 2020-жылдын алгачкы чейрегинде сатыкка чыгарылат.

Porsche

Porsche электр менен жүргөн Taycan үлгүсүн таанытууда. «Электр менен жүргөн спорттук унаа болбойт» деген көз карашты жок кылды.

Volkswagen

Авто дүйнөсүндө легендарлуу Volkswagen Beetle жана Golf үлгүлөрүнөн кийин ID.3 маркасын алып чыкты. Анны экологияга эч бир зыян келтирбегени көпчүлүккө жакты.

Mercedes

Mercedes бул көргөзмөгө жайлуулугу жагынан айырмаланган Vision EQS үлгүсүн койду.

Lamborghini

Volkswagen тобундагы Италия маркасы Lamborghini Болонья диалектисинде чагылган деген маанини берген Sian супер авто унаасын алып чыкты. 819 аттын күчүнө ээ Lamborghini Sian 2.8 секундада 100 чакырымды багындырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!