Жол кыймылындагы аракетиңиз мүнөзүңүз кандай экендигинен кабар берет!

Жол кыймылындагы аракетиңиз мүнөзүңүз кандай экендигинен кабар берет!
1-Окт. 2019, Шейшемби, 15:52

Жол кыймылы ал өлкөнүн маданияты кандай экендигин чагылдырмакчы. Ошол эле учурда, адамдын баалуулук саппаттарынан дагы кабар берет. Мисалга, унаалардан канчалык үндөр (сигнал) чыкса, ошончолук ал өлкөнүн маданияты төмөн экендигинен кабар берет.

Алдындагы унааны озуп кетүүнү эңсеген шопурлар: сабыры төмөн, шашкан адамдардын катарын толуктайт. Алар мыйзамга баш ийбей бир гана өздөрүнө эмес, коомго да зыян жараткан адамдар. Мындай адамдар шашып олтуруп, жашоосунда да ката кетиргенге дуушар болушат.

Өзгөчө агрессивдүү адамдардан ар кандай терс жаңсоолорду күтсө болот.

Мисалга, унаасында музыканы өтө бийик коюп айдагандар болсо: өздөрүнө көңүл бурдуруп, мактангысы келген адамдардын тобун түзөт.

Жыйынтыгында мыкты маданиятты көрсөтүш үчүн, бир гана жол эрежелерине баш ийүүбүз керек. Биз канчалык башкаларга урмат-сый көрсөтсөк, алар дагы бизге ошончолук мамиле көрсөтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!