Дүйнөдөгү эң алгачкы унаа

18-Ноя. 2017, Ишемби, 13:45

Дүйнөдөгү эң алгачкы авто унаанын тарыхы Николас Джозеф Кагнот аттуу механик менен түздөн-түз байланыштуу. Николас Джозеф Франция мемлекетинин коргоо министри Этьен-Француанын буйругу менен артиллериялык жабдык ташымалдоочу унаанын долбоорун баштаган. Ушул долбоорго негиздеп отуруп, Кагнот менен экинчи аскердик механик Брезин буу менен жүргөн алгачкы унаанын биринчи үлгүсүн кураштырган.


Алгачкы унаанын ылдамдыгы өтө жай болгон, саатына 4 чакырым. Бирок ушул унаанын артыкчылыкы – 5 тонна жүктү ташымалдай алаар эле. Бирок бул унаанын кемчилиги тормозу болгон. Анын кесепетинен унаа бир нече ирет жол кырсыгына учураган. Натыйжасында унаанын чыгарылышы 1771-жылы аяктаган. Ошого карабастан, Кагноттун унаасы тарыхта эң алгачкы унаа катары аталды.

Ал эми күйүүчү май менен жүргөн алгачкы унаа катары Бенцтин 3 дөңгөлөктүү эки орундуу үлгүсү саналат. Дагы бир даректерге таянсак, "күйүүчү май менен жүргөн алгачкы унаа" деген атакка Зигфрид Маркустун 1875-жылы кураштырган унаасы да кирет. Бул унаанын ылдамдыгы Кагноттун кураштырган үлгүсүнө караганда алда кайда жогору болгон. Маалыматтар боюнча, саатына 15 чакырымга чейин жеткен. Саатына 100 чакырым ылдамдык менен жүргөн унаа Парижде кураштырылган.

Бельгиялык механик Камилл Женатци бул унааны 1899-жылы чыгарган. “La Jamais-Contente” атту унаа эки электр кыймылдаткыч аркылуу жүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!