Ок менен атаандаш болгон жүк унаасы

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:22

“Tesla” компаниясы автопилот менен алгачкы электр унаасын тааныштырды. Түз эфир компаниянын расмий сайтында болду.

«Адатта жүк ташуучу унаалар “амбар” дизайнында болсо, "Tesla”нын унаасы ок сыяктуу кураштырылган», - дейт компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск жаңы унааны жогору баалап.

Техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө айта турган болсок, жүк ташуучу унаа 500 чакырым (804 км) жол жүрө алары айтылды. Бул аралыкты унаа толук жүк жана аны мүмкүн болушунча максималдуу ылдамдык менен жеңе алат. Масктын билдирүүсү боюнча, көпчүлүк жүк ташуу багытындагы жолдорунун узундугу - 250 чакырым, ошондуктан, бул унаа менен бир жерден экинчи жерге заряддабай барып келүүгө болот.

Жүк ташуучу унаанын төрт көз карандысыз кыймылдаткычы бар. Унаанын аккусулятору үчун “Tesla” “мегазаряд” менен камсыз кылат. Автоунаа саатына нөлдөн жүз километрге чейин бир саат беш секундка чейин жүрө алат.

Жүктөрдү “Tesla” менен жеткирүү, бир чакырымга 1,26 доллар турса, ал эми дизельдик жүк машиналарынын жумушу чамасы менен 1,51 доллар турат. Унааны өндүрүү 2019-жылдан башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!