“Range Rover”дин өнүгүү тарыхы (видео)

25-Ноя. 2017, Ишемби, 12:28

“Range Rover” тарыхы “Velar” аталышы менен белгиүү 26 сериялык моделдерден башталат.

Британдык “Jaguar Land Rover” унаа кураштыруу компаниясы “YouTube” каналына “Range Rover” унаасынын өнүгүү жана өзгөрүү тарыхы тууралуу 2 мүнөттүк видео роликти жарыялады.

Видеоролик унаа маркасынын 48 жылдыгына карата түшүрүлгөн.

Роликтен сериялар желесинин алгачкы үлгүсү – эки эшиктүү “Range Rover Classic”тен баштап акыркы – “SVAutobiography Dynamic” моделине чейинки жол тандабастын унаа тарыхы менен таанышууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!