"Жыл автоунаасы - 2018": финалисттер аныкталды

2-Дек. 2017, Ишемби, 12:36

"Жыл автоунаасы - 2018" байкоосунун финалисттери жарыяланды. Аталган байкоонун калыстар мүчөсү мыкты жети унааны тандашкан. Алгач бул номинацияга 37 унаа ат салышкан экен.

Ошону менен марага жеткендердин катарына “Alfa Romeo Stelvio”, “Audi A8”, “BMW” бешинчи сериясы, “Citroen C3 Aircross”, “Kia Stinger”, “Seat Ibiza” жана “Volvo XC40” унаалары жеткен.

Эскерте кетсек, аталган байкоонун өткөн жылдагы жеңүүчүсү “Peugeot 3008” крассовери болгон эле.

Булак: https://auto.newsru.com

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!