“REDS” электромобилдин ичиндеги кеңсе

5-Дек. 2017, Шейшемби, 10:43

“Project Redspace” “REDS” шаарга ылайыктуу электр унаасынын концепсиясын сунуштайт. Анын сырткы көрүнүшүн “BMW” компаниясынын мурдагы башкы дизайнер Крис Бэнгл түзгөн. Бул унаа жургүнчү ташыгандан сырткары, мобилдүү жумуш кеңсеси катары да иш алып барат.

Фирманын өкүлдөрү билдиргендей, машина убакыттын 90 пайызын жөн гана тура берет. Ошого байланыштуу “Project Redspace” инженерлери тарабынан автоунааны 180° градуска бурулган отургучу жана столу бар чакан кеңсе менен жабдыктоо идеясы сунушталган.

Салондун интерьери модулдук болуп саналат: отургучтарды бурууга, кайра бшка жерге коюуга же болбосо кереги жок болсо алып таштоого болот. Ал эми чатырында аккумуляторду заряддоо үчүн чоң күн панели орнотулган,

Келечекте “REDS” гибриддик “BMW 530e” седан сыяктуу зымсыз кубаттоо колдонулат. Компания ошондой эле унааны өзүн-өзү башкаруу системасы менен жабдыктоону көздөөдө.

Лос-Анджелестеги “LA Auto Show” көргөзмөсүндө “Project Redspace”тин электрокардынын "альфа-прототиби" көрсөтүлгөн. Ал эми жаңы унаа эки жылдан соң сатыкка чыга баштайт. Бул унааны алгач Кытайдан сатып алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!