Айдоочу гепард менен жарышты

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:29

Гепард менен жарышкан унаа тууралуу видео “YouTube” каналына “FIA Formula E Championship” тарабынан жүктөлгөн.

Жарыш Түштүк Африкада өткөн. Унааны башкарган франсуз “Techeetah” командасынын айдоочусу жана ошондой эле “Формула-1”де да өзүн көрсөткөн Жан-Эрик Верн болду. Жырткыч алгач алдыга чыкканы менен болбой эле унаа аны кууп жетти.

“Formula E” электромобилдеринин жарыш федерациясы жердеги климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу сейрек кездешкен жаныбарлардын жок болуп кетип жатканына көңүл бурдуруу максатында бул жарышты уюштурган.

Гепард дүйнөдөгү эң ылдам жаныбар болуп саналат - ал үч секундда саатына 110 чакырымга чейин ылдамдата алат. Азыркы убакта жапайы жаратылышта жети миңге жакын гепард калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!