2017-жылдын мыкты унаасы аныкталды

14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:00

Японияда «Жыл автомобили» иш-чарасынын алкагында эң мыкты автоунаа тандады. Алгачкы жолу 3 жыл ичинде сап башчы «япондор» эмес, жаңы муундун унаасы швед кроссовери “Volvo XC60” аталды. Бул тууралуу “NDTVAuto” маалымат булагы маалымдайт.

Жеңишке жеткен унаа алты мүчөдөн турган калыстар тобу тандады. Кроссовер добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 294 упай жыйнаган.

Экинчи орунда “BMW 5-Series” (седан/вагон) 242 упайы менен алса, “Toyota Camry” (232 балл) үч илтикти толуктады.

Тизменин кийинки катарында “Suzuki Swift” (210), “Honda N-Box/N-Box Custom” (189), “Lexus LC” (115), “Alfa Romeo Giulia” (89), “Mazda CX-5” (83), “Citroen C3” жана “Volkswagen Tiguan” (11) унаалары орун алышты.

Белгилей кетсек, Япониянын Киото шаарында өткөн Эл аралык илим жана техника маселелери форумунда Россия Федерациясынын вице-премьер Аркадий Дворкович, 2018-жылы өз өлкөсүндө өтчү Дүйнө чемпионатында конокторду айдоочусу жок автобустар күтүп алаарын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!