Жаңы “Touareg” апрелде сунушталат

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:03

“Volkswagen” сериясындагы эң эски кроссовердин жаңылануусу күтүлүүдө.

"Volkswagen Touareg”тин экинчи мууну 2010-жылы чыгып, бүгүнкү күндө технологиялык жана актуалдуулук жактан жаш атаандаштарына утулуп келе жатат. Ошентсе да, модельдин күйөрмандары үчүн жакшы жаңылык бар – бир нече айдан кийин "Touareg” унаасынын жаңы мууну сунушталат.

Ортчо көлөмдөгү кроссовердин үчүнчү мууну 2018-жылдын апрель айында Бейжиндеги “Auto China” көргөзмөсүндө тааныштырылат.

Жаңы унаанын сырткы көрүнүшү сыр деле эмес – өткөн жылы Кытайда сунушталган “T-Prime GTE” концептинин сүрөттөрү бар. Ошондой эле үчүнчү муун “Touareg” кабинасы кенен болуп, цифралык аспап тактасы жана бренддин баардык флагманы люкска ээ болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!