ЕБда жеңил унааларды сатуу көбөйгөн

17-Янв. 2018, Шаршемби, 16:41

2017-жылы Европа Биримдигинде (ЕБ) жаңы жеңил унааларды сатуу 15,138 миллион бирдикти же 3,4 пайызды түздү. Унаалардын сатуу көрсөткүчү алдыңкы 10 жылдыкта дагы жогорку ыргакта болмокчу. Бул тууралуу “Прайм" булагына шилтеме берип “korrespondent.net” маалымдады.

"Жалпысынан алганда, 2017-жылы унааларга деген суроо-талап европалыктарда төртүнчү жыл катары менен өсүүдө, 2007-жылдан бери 15 млн ашуун жаңы унаалар сатылган", - деп маалымдады уюм.

Жогоруда айтылгандай, жыл ичинде сатуу көлөмүнүн өсүшү боюнча "PSA Group” компаниясы лидер болду. Анын Европадагы жаңы автомобилдерди сатуу боюнча көрсөткүчү 28,2 пайызга өскөн. Унааларды сатууну “Suzuki” компаниясы 21,3 пайызга жана “Toyota Group” компаниясы 13 пайызга дейре жогорулатышкан. Анын артынан эле 8,8 пайыз менен “KIA” турат. “VW Group”тун сатуусу 2,3 пайызга көбөйгөн.

2017-жылга карата сатуу көлөмүнүн айтарлыктай өсүү ыргагы Литвада (27,3%), Венгрияда (20,4%) жана Болгарияда (18,5%) катталган. Алардын артынан Хорватия (17,2%) жана Польша (16,9%) келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!