Кышкы мезгилге арналган мыкты унаалар

19-Янв. 2018, Жума, 14:50

Кроссоверлердин таанымалдуулугунун сыры эмнеде? Албетте, алардын универсалдуулугунда. Алар кымбат тургандыгында гана болбосо, кайсы гана мезгил болбосун аны тизгинге алган айдоочу эч кандай кыйынчылыктарга кептелбейт. Анын болгон сыры – мындай унаалардын клиренси (же, кээде аны «жол тандабас» деп да аташат) өтө жогору, бул деген жолдогу ар кандай тоскоолдуктарга даяр болуу деген сөз. Бул тууралуу “autonews.ua” билдирет.

200 мм аашык жол жүргөн бул унааларга токтолсок.

Lada 4×4 (клиренс – 205 мм)

Ички жана сырткы көрүнүшү мурдагы «Нива», болгону азыркы аталышы “Chevrolet” брендине тиешелүү. Буга ишенүү кыйын, ошентсе да «4х4» чыгарыла баштаганына 40 жыл өткөнүнө карабастан базада электр терезе көтөргүчтөр, ГУР жана ABS бар.

Chevrolet Niva (клиренс – 200 мм)


Ал эми «Ниванын» бул түрүндө базада ABS жок. Анын баштапкы жабдыктоосунда электр терезе көтөргүчүнөн башка эч нерсе жок.

Renault Duster (клиренс – 205-210 мм)

Белгилүү кроссоверлердин бири. Толук жеткиликтүү нускасы өзүнүн жол тандабаган мүмкүндүгү менен кошо, жакшы геометриясы менен жана жеткиликтүү баасы менен өзгөчөлөнөт.

УАЗ Hunter (клиренс – 210 мм)

Азыркы цивилизациянын ичиндеги эң алдынкысы – анын гидравликалык күчөткүчү болуп саналат. Ошону менен бирге бул базардагы эң арзан джип!

УАЗ Patriot (клиренс - 210 мм)

Техникалык жактан алганда , бул да «тоо-ташка ылайктуу» «Уазик». Салонунда желдеткич, ABS бар, керек болсо рулду оңдоого да болот. Ал эми “Patriot new” жыйнагында парктрониктер, климаттык-байкоо, булгары мультируль жана круиз бар.

Nissan X-trail

Кроссовердин бул түрүнө күмөн саноого болбойт – анын клиренси 21 см. Төрт жыйнактоосу бар: “VISIA”, “ACENTA”, “N-CONNECTA” жана “TEKNA”.

Mitsubishi Outlander (клиренс – 215)


Үй-бүлөлүк кроссовер жана жаман жолдордо эң ишенимдүү унаа. Бийик болгондуктан, эч кандай кыйынчылыксыз ылдам жүрө алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!