Кышында унаанын бузулбоосу үчүн эрежелер

24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:22

Автоунаа – жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Темир тулпарды тизгиндеп жүргөндөрдүн баардыгы үчүн азыркы болуп жаткан суук аба ырайы кыйынчылык алып келүүдө. Ошондуктан кыштын кычыраган суук күнүндө унааңыз менен көйгөйлөр чыкпасын десеңиз төмөнкү кеңештерди биле жүрүңүз.

1. Аккумулятор менен электроника
Албетте, эгер сиздин унааңыз күн жылууда оң иштебесе, кыйынчылыкты кышында көрөсүз. Ошондуктан күн жылуу маалда эски жана жаман аккумуляторду алмаштырып алыңыз. Ал эми жаңы аккумулятор тез отуруп калбашы үчүн унаанын электроникасын оңдотуңуз кажет.

2. Май. Май фильтри
Унаа майын алмаштырбай койсоңуз анын кесепетин кыйынга согот. Ал унааны иштен чыгарышы мүмкүн. Ошондуктан кыш мезгилинин алдында алмаштырып алууңуз зарыл. Ал эми унааны жаңы сатып алгандар майын гана алмаштырышат. Негизинен май менен кошо май филтирин да тазалатуу же алмаштыруу абзел.

3. Антифриз
Эгер сиздин унааңыз кышка жүз пайыз даяр болгонун кааласаңыз, анда антифризиңизди алмаштырыңыз. Бул эң биринчи Европадан келген унаалар үчүн маанилүү. Себеби узак жүргөн антифриз өзүнүн курамын өзгөртүп, унаага зыянын тийгизиши мүмкүн.

4.Бензин менен суу
Негизи жанар май менен сууну алмаштыруу баарынан маанилүү. Бирок унаа айдоочусу кыштын алдында унаанын багын тазалоону унутпоосу керек. Себеби андагы суу менен чаң унаага өтө чоң кыйынчылыктарды алып келет.

5. Тормоз колодкасы

Бул дагы маанилүү текшерүү керек болгон бөлүктөрдүн бири. Себеби кышкы жол тайгалак болоору белгилүү. Эгер сиздин тормозуңуз жакшы иштебей жатса аны дароо алмаштырыңыз. Андай кыйынчылык туудурбаса анда бир текшертип коюңуз. Себеби сактыкта кордук жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!