Электр унаалардын сатылуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:30

Өткөн жыл ичинде 1,2 млн ашуун электр унаалар жана гибриддердин плагини дүйнө жүзү боюнча сатылган. Унаа рыногунун бул сегментинде өсүшү 2016-жылга салыштырганда 57 пайызга өскөн. Бул тууралуу “infocar.ua” сайты билдирет.

Бул сатылган унаалардын көпчүлүгү Европа аймагында сатылганын белгилей кетүү керек. Алар 66 пайызды түзгөн. Демек, плагин-гибрид (PHEV) 34 пайызды ээлейт.

Электр унааларын сатуу боюнча дүйнөдө экинчи жыл катары менен Кытай өлкөсү лидер бойдон калууда. Электр унаалары базарда 72 пайызга өсүп – 600 миңден ашык унаа сатылган. Европада 2017-жылы 307 миң (+38 пайыз) жана АКШда - 200 миңдей (27 пайыз) электр унаалары сатылган.

Электр унааларынын өсүү темпи боюнча Исландия (+ 248%), Испания (+ 166%), Япония (+ 149%), Португалия (+ 126%), Германия (+ 108%) жогорку көрсөткүчкө ээ.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын үчүнчү чейрегинде дүйнөдө 287 000 электр унаалары сатылды деп маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!