“Honda” жаңы кроссовери үчүн ат ойлоп тапты

1-Фев. 2018, Бейшемби, 14:32

Япондук бренд Лос-Анджелесте ноябрь айындагы өткөн иш-чарада "Passport” аталышындагы жаңы моделди кайра чыгарууну көздөөдө.

“Honda” компаниясы “Passport” деп аталган жаңы кроссовердин дебютуна даярданууда. Эскерте кетсек, мурун мындай аталыштагы унааны 1994-жылдан баштап 2002-жылга чейин “Honda” компаниясы чыгарып келген. “CR-V” жана “Pilot” сыяктуу унаалардын арасында татыктуу орунду ээлейт деп күтүлүүдө. Жаңыртылган "Passport”тун негизги атаандашы “Ford Edge” жана “Nissan Murano” болот.

Расмий түрдө келечектети жаңылыктын энергетикалык бөлүмдөрүнүн техникалык сыпаттамалары жарыялана элек. Кроссовер 3,5 литр сыйымдуулугу 280 л. с. “V6” кыймылдаткычы менен жабдыкталары күтүлүүдө. Кыймылдаткычтын ылдамдыгы алты же тогуз автоматтык коробка передача менен иштейт

Жаңы “Passport” баасы тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!