“Hyundai Veloster”дин жаңы мууну жарыкка чыкты

10-Фев. 2018, Ишемби, 11:58

Детройттогу автосалондо “Hyundai Veloster” хэтчбегинин жаңы мууну сунушталды. “Унаа башкалар сыяктуу эле «заряддалган» N-нускасы бар”,– деп жазат “Express.co.uk.”

Жаңыланган унаа ассиметриялык дизайн, мурункудан да күчтүү кыймылдаткычка ээ болгон. Кубаттуулугу 203 ат күчү, 1,6 литрлик «турбо-кватер» жана 6 ылдамдықктагы «механика» же 7 ылдамдыктагы механикалык куту менен бирге иштеген 264 Нм түзөт.

Эскерте кетсек, “Hyundai” компаниясы чыгарган “Hyundai Veloster” кичинекей компактуу хэтчбек 2011-жылдан баштап чыгарылып келет. Ал 2011-жылы 10-мартта Корея Республикасында жана 2011-жылдын аягында АКШда сатыла башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!