Илон Масктын учкан унаасы жерге кулашы мүмкүн

17-Фев. 2018, Ишемби, 14:51

Адамзаттын тарыхындагы болуп жаткан акыркы жаңылыктардын бири-“Falcon 9” ракетасы тууралуу кимдер гана уккан жок. Алардын бири Илон Масктын Марска карай бет алган “Tesla” унаасы. Акыркы маалыматтарга таянсак, космоско учкан “Starman” манекен отурган “Tesla” унаасы жер орбитасын бир нече ирет айланып өтүп, акырында ушул жерге кулап калуусу да мүмкүн деп айтылууда. Бул тууралуу Канаданын астрофизик окумуштуу Ханно Рейн билдирет.

«Бизде баардык программа бар. Биз учуунунун ийгиликтүү болгон күнүнөн баштап “Tesla” унаасынын жакынкы убакыттагы миллион жылда кандай жагдайга учурай турганын изилдедик»,-дейт окумуштуу.


Миллион жыл албетте өтө көп убакыт. Бирок ошентсе да бул окумуштуулардын жасап жаткан божомолу. Илон Масктын өз изилдөөлөрүнө карганда “Tesla” унаасы өз багытынан чыгып кеткен деп эсептейт.

Бирок окумуштуулардын айтуусу боюнча андай эмес, унаа ушул жылдын аягында Кызыл планетага жетет. Унаа жерге келип кулаган күндүн өзүндө коркунуч жок. Себеби ал атмосфера катмарында толугу менен күйүп кетет же белгилүү бир учкуну гана жетиши мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!