Окуучу “Lamborghini Huracan” унаасынын ээси болду

22-Фев. 2018, Бейшемби, 12:09

Калифорниядагы Ла-Каньяда-Флинтридж шаарынын 14 жаштагы мектеп окуучусу “Lamborghini Huracan Super Trofeo Evo”нун алгачкы ээси болду. Жети жашынан баштап Стивен Агахани Улттук спорттук автоунаа ассоциациясында(NASA) картинг менен жарышка катышат.

“Lamborghini Squadra Corse” “Super Trofeo” спорттук унаасын былтыр сентябрь айында тааныштырган. Машина «24 саат Ле-Мана» жана “Bugatti Chiron” прототиби үчүн шасси иштеп чыккан «Dallara Engineering» компаниясы менен биргеликте кураштырылган.

“Lamborghini Huracan Super Trofeo Evo”“LMP1” жана “Formula-1” автомобилдеринин прототиби сыяктуу жогорку аба кабылдагычы менен жана жогорку көмүртек желиминен жасалган.


Жарыш суперкары 620 ат күчү менен 577 Нм күчүнө ээ 5,2 V10 атмосфералык кыймылдаткычы менен жабдыкталган. Түзүм алты тепкичтүү “Xtrac” коробкасы менен бириктирилген. “Monza Huracan Super Trofeo Evo” трассаны 1 мүнөттөн 46,3 секундка чейин - 1,5 секундка мурункусуна караганда ылдам жүрөт.

АКШда унаанын баасы 295 миң долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!