Элдин назарын өзүнө бурган жаңы "Ferrari"

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:47

Батыштын басылмаларында "Ferrari" компаниясы чыгарган жаңы автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып элдин көңүлүнө түштү. "Ferrari 488 Pista" деген аталышка ээ болгон жаңы суперкар март айынын башында Женевада өтүүчү автосалон кечесинде тааныштырылат.

ММК маалыматы боюнча, бул унаа "Ferrari" компаниясынын тарыхындагы эң кубаттуу жана мыктысы болот. 8 цилиндрлүү кыймылдаткыч менен жабдыкталган. Кубаты 721 аттун күчүнө тең келет. 2,85 секунд ичинде 96 км/саат ылдамдык менен жүрө алат. Жогорку ылдамдыгы 340 км/саатка барабар.

"Ferrari 488 Pista" суперкарынын салмагы 1280 кг чыгат. Бул ушуга чейинки маркаларынан 90 килограммга жеңил. Сырткы кузову да жаңыртылган. Ошого байланыштуу аэродинамикалык көрсөткүчтөрү 20 пайызга жогорулаган. Кээ бир бейрасмий маалыматтар боюнча "Ferrari 488 Pista" суперкарынын баасы 300 000 доллар турат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!