"Honda Accord” “Tesla”нын электр кубатын колдонот

28-Фев. 2018, Шаршемби, 15:33

Джим Белозик программалык камсыздоочу “ShortStack” аттуу чакан компаниянын ээси. Бош убактысында Джим өз гаражында бир нерсе жасаганды же болбосо машинасын оңдоп тузөгөндү жактырат. Анын акыркы эмгеги “Teslonda” деп аталат. 1981-жылы чыккан “Honda Accord”ду “Tesla”нын электр кубаты менен жана “Chevy volt” батареясы менен жабдыктаган. Унаанын сырткы көрүнүшү анча эмес болгону менен бирок анын ички жасалгалоосу аркылуу ылдамдыгы саатына 100 чакырымга чейинки аралыкты 2,7 секундда багындыра алат.

«Бул “Honda”ны сатып алганыма көп убакыт болду. Бирок мен аны көп деле айдаган жокмун. Бир убакта муну кантип модернизациялап, иштеп чыксам болот деген ой келди. Мен бул жакка электр кыймылдаткычын салууга болот го деп ойлодум», - деп әбилдирет Джим.

Джим эксперимент кылганды жакшы көргөндүктөн аны “Honda” электр машинасына айландырып кийики кадам жасоосуна шарт түзүлдү. Ушундай темп менен демилгечилер ылдамдыгын саатына 100 чакырымга чейин 2,7 секунддан 2,5 секундка чейин кыскартууну пландап отурушат. Жана ошондой эле автомобилдин интерьерин өзгөтүп, салонду “Tesla”нын компьютер менен жабдыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!