"Акылдуу" “BMW” унаасын жарым мүнөттө уурдашты

3-Март 2018, Ишемби, 13:51

Уурулар атайы түзүмдүн жардамы менен смарт-ачкычтын сигналын кармап алышып, унааны уурдай качышкан.

Британияда «акылдуу» BMW бир жарым мүнөт ичинде смарт-ачкычтын сигналын кармап калуу аркылуу айдап качышкан. Бул тууралуу “Digg” маалымат булагына шилтеме берип “korrespondent.net” сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа интеллектуалдуу система менен жабдылган. Уурулар, смарт-ключту кармап кала алышкандан кийин унааны айдап кетишкен.

Ал эми унаанын ээси машинанын жок экенин бир сааттан кийин гана байкаган.

Ал мындан сырткары, унаанын ачкычын эшиктин алдында коюп коёрун, бирок бул жолу чарчап келип ачкычты текчеге коюп койгонун кошумчалады. Жана бул учурда уурулар сигналды кармап калууга жол ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!