Жаңыртылган “Nissan Juke”дун дебюту болуп өттү

13-Март 2018, Шейшемби, 12:30

Женева автосалонунун презентациясынын алкаганда жаңыртылган “Nissan Juke” кроссовери сунушталды. Унаага бир катар жаңы опциялар киргизилип, ошондой эле жаңыртылган сырткы көрүнүш, интерьер жана түс схемасына ээ болгон. Бул тууралуу “AutoExpress” маалымдайт.

Сырткы көрүнүшүнө токтоло турган болсок, унаанын радиаторлук тору “V” сыяктуу декоравтивдүү элемент менен жабдыкталган. Мындан сырткары, алдынкы фаралары менен арткы буруу белгилери карартылган.

Ошондой эле, жаңы “LED” туманга каршы фараларга (негизги үлгү үчүн) ээ. Ошону менен бирге, диаметри 16, 17 жана 18 дюйм (бардык үлгүлөр үчүн) бар жеңил дөңгөлөк дискалары менен жабдыкталган.

Европанын базарларында унаанын төрт түрү сунушталат: Visia, Acenta, N-Connecta жана Tekna. Алардын баардыгы климат-контролго, каптал жактагы күзгүлөрү электр тууралоого ээ болуу менен CD-плеери бар аудиосистема AUX- кошумчасы менен болот.

Ички жасалгасы булгары отургучтар менен “BOSE Personal” аудио системасы менен жабдыкталат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!