"Mercedes-Maybach" жаңы лимузинди сунуштоодо

17-Март 2018, Ишемби, 14:04

“Daimler AG” немис концерни өзүнүн расмий сайтында мемлекеттердин өлкө башчыларына арналган люкс-класстагы “Mercedes-Maybach Pullman” унаасынын жаңыртылган верциясын сунуштады. 15-марттан баштап Европада болжол менен жарым миллион еврого тапшырык бериле баштады.


Өндүрүчү жайдын маалыматына ылайык, седанданы узундугу 6,5 метр, 6 литрлик модификацияланган турбокомпрессор, V12 кубаттагы 630 ат күчүнө барабар. 100 километрге чейинки ылдамдык 6,5 секундга жетет.

“Pullman” рейстайлинги 20 дюймдук жеңил дөңгөлөктөрү менен бамперлерди жана радиаторлук торду “Vision Mercedes-Maybach 6” унаасынын концептинен алган.

Лимузинди эки түстөгү боёк менен сатып алса болот. Ошондой эле, кардарларга интерьерди кооздо үчүн үч түс сунушталат. Унаанын салону электр бөлүмүнө бөлүп, седандын арткы жагында төрт жүргүнчү кенен отура алат. Кийинчэрээк брондолгон үлгүсүн чыгарууну пландап жатышат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!