​Кыргызстандын уйларынын сүттүүлүгү эки эсе аз

23-Март 2017, Бейшемби

2016-жылы Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын көлөмү өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 1,5 млн. тонна сүт, 388 миң тонна эт азыктары, 470 млн. тонна жумуртка өндүрүлгөн.

Кыргызстан кылкандуу дан өсүмдүктөрү менен кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү боюнча Казакстан менен Россиядан жогору турат. Бирок Кыргызстан жалпы алганда аталган өлкөлөр менен атаандаша абайт. Кыргызстандын айдоо аянты 1,2 млн. гектарды түзсө, ал эми Россия 79,5 млн., Казакстан 21,6 млн. гектар. Ошондой эле Кыргызстан мал азыктарын өндүрүүдө да арта калат. Мисалы, Россияда 1 уй Кыргызстандын уйларына караганда 2 эсе көп сүт берет. Ал эми Кыргызстандын тоокторуна караганда Казаксандын тооктору эки эсе, Россияныкы 3 эсе көп жумуртка берет


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!