​Жер семирткич 26,1 пайызга камсыздалды

4-Апр. 2017, Шейшемби

2017-жылдын 31-мартына карата өлкөгө 52,1 тонна минералдык жер семирткичтер алынып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алынып келинген жер семирткичтер өлкөгө керектүү көлөмдүн 26,1 пайызын түзөт. Анын 30,8 миң тоннасы өлкөнүн түштүк областарына, ал эми 21,3 миң тоннасы түндүк аймактарга жеткирилген.

1 кг аммиак селитрасынын баасы орточо 16-19 сомду түзөт. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы өткөн жылдан 2 миң 578 тонна калган. Ал жерде аммиак селитрасынын баасы 15 сом, карбамиддин наркы 16,5 сомдон сатылып жатат..


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!