​Айыл чарбасына 40 млн. евро жумшалат

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Польша өкмөтү Кыргызстанга 40 млн. евро насыя берет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Польша менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда жүргүзүлгөн келишимдин негизинде насыя алууга жетише алдык. Насыянын пайыздык чени 0,15 пайыз менен 25 жылга алынат. Бул каражат айыл чарба тармагындагы долбоорлорду, жана өлкөнүн аймактарын колдоо үчүн жумшалат.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында аталган каражат дыйкандарга 9 пайыздык үстөгү менен берилет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!