​Кыргызстанда идентфикациялоо биринчи ишке ашат

28-01-2017

Кыргызстан малдарды биринчилерден болуп идентфикациялайт ошондой эле бул системаны барынан мурда ишке ашырат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров журналистер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуу учурунда, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, Казахстан Кыргызстанга ветеринардык көзөмөл маселесинде жана малды идентфикациялоо иштеринде да жогорку талаптарды коюп жатат.

“Малды идентфикациялоо иштери жүрүп жатат бирок буга убакыт керек. Казакстан идеалдуу иштерди талап кылып жатат. Биз ветеринардык көзөмөлдү алып салууну сунуштадык. Ал эми малды идентфикациялоо белгилүү убактан кийин бүтөт”,-дейт Сазбаков.

Ал эми Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан малдарды биринчилерден болуп идентфикациялайт.

“Россия малды идентфикациялоо иштерин 2018-жылдан тарта ишке ашырып баштайт. Ал эми Казахстанда баардык мал жандык идентификацияланган эмес. Кыргызстан малдарды биринчилерден болуп идентфикациялайт ошондой эле бул системаны барынан мурда ишке ашырат деп ишенимдүү айта алам”.-дейт Жапаров.

Бекхан Асанов


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!