​Сауд Арабия Кыргызстанга каражат бөлөт

12-Апр. 2017, Шаршемби

Сауд Арабия Кыргызстанга карантин аймагын курууга 1 млн. доллар бөлүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев башында турган өкүлдөрдүн Сауд Арабия королдугуна жасаган расмий иш сапары учурунда белгилүү болду.

Иш сапардын максаты Кыргызстандан Сауд Арабияга айыл чарба азыктарын экспорттоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгон. Кыргызстандан аталган өлкөгө эт жана эт азыктарын, бал, томат, фасоль, картошка, жаңгак, мөмө жана жер-жемиш экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жана Кыргызстанда карантиндик аймакты курууну каржылоо.

Жолугушуунун жыйынтыгында Сауд Арабияга Кыргызстандан эт экспорттоо үчүн Кыргызстанга карантин аймагын курууга 1 млн. доллар бөлө тургандыгын билдирген.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!