​Айыл чарбанын дүң өндүрүмдүн көлөмү жогорулады

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

2016-жылы өлкөнүн айыл чарбасынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 197,1 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыл чарбасында дүң өндүрүмдүн көлөмүнүн жогорулашы мал азыктарынын көлөмүнүн өсүүсү 2,5 пайызга өсүмдүк өстүрүү 3,7 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу.

ЕАЭБдеги товар алмашуунун көлөмү азайгандыгы менен Кыргызстандын экспорту 4,4 пайызга көбөйгөн.

Эскерте кетсек, 2016-жылы экономиканын өсүүсү 3,8 пайыз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!