Идентификациялоо пилоттук долбоорлору аяктады

18-Апр. 2017, Шейшемби

Малды идентификациялоо боюнча пилоттук долбоорлор аяктады. Бул тууралуу ветеринардык, санитард жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында Чүй областындагы Ысык-Ата районунунда, Таласта Кара-Буура районунда жана Ош облусунун Ноокат районундагы малды идентификациялоо боюнча иштер аяктады. Учурда саан уйлардын 60 пайызы идентификацияланып бүтүп калды. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча идентификациялоо иштери старт алды. Жалпы республика боюнча аталган долбоор келерки 3 жыл ичинде ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 450 млн. сом. бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!