Кооперативдерди өнүктүрүү колго алынат

25-Апр. 2017, Шейшемби

Кыргызстанда 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган токтомдун максаты-айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселесин чечүү жана 2021-жылга чейинки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Ошондой эле финансылык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү.

Аны ишке ашыруу 2 этапта кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерде ишке ашат. Кыска мөөнөттүү мезгилде (2017-2018-жылдар) айыл чарба кооперативин өнүктүрүүгө дем бере турган бир нече маселелерди чечилет. Ал эми орто мөөнөттүү мезгилде (2019-2021-жылдар) агрардык сектордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, тейлөө, насыялоо, камсыздандыруу, жабдуу жана сатуу чөйрөсүндө туруктуу жана стабилдүү өнүгүп жаткан айыл чарба кооперативдерин түзүү жолу менен кооперативдик инфраструктураны уюштурууга багыталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!